Добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси өлкөнүн бардык шайлоо тилкелеринде жана “Тизме” порталында жарыяланды.
БШКдан такташкандай, жалпысынан тизмеге 3 миллиондон ашык жаран кирди. Шайлоочулардын эң көбү Ош облусуна туура келет, андан кийин Жалал-Абад, Чүй облустары жана Бишкек турат. Ал эми эң аз добуш берүүчүлөр Ош шаарында жана Талас облусунда.
Эске салсак, мамлекет башчыны шайлоо жана башкарууну аныктоо боюнча референдум ушул жекшемби, 10-январда өтөт.