Өкмөт Бишкектин экологиясын жакшыртуу жолдорун ойлоп тапты

Өкмөт Бишкектин экологиясын жакшыртуу жолдорун ойлоп тапты. Буга байланыштуу иш-чаралар комплексин камтыган планды премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков бекитти.

 

Документ 40 пункттан турат. Алсак, министрлер кабинети шамалдын багыты туура өткүдөй кылып, үйлөрдү куруп, бак-дарактарды тигип, веложолчолорду салып, таштанды полигонун кайра иштетип, газ менен жылытуу системасын киргизүүнү пландап жатат. План 2021-2023-жылдарга эсептелди.