Жалал-Абадда мектептер жана бала бакчаларды 11-январдан тарта ачуу пландалууда

Жалал-Абадда мектептер жана бала бакчаларды 11-январдан тарта ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Турмуш” агенттигине шаардык санэпидем көзөмөл инспекциясынын башкы дарыгери Рома Урайымов билдирди.

 

Анын айтымында, аймакта ковидге чалдыгуу көрсөткүчү төмөндөдү. Андыктан, жергиликтүү штаб абалга көз салып, билим берүү объектилерин ачууга уруксат берди.