Бишкек мектептерине 1-класстарды кабыл алуу үчүн электрондук кезек 15-февралда ачылат. Бизге мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Балдары быйыл 1-класска бара турган ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталында каттоодон өтүшү керек.
Бул үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, өзүнүн паспорту, жашаган жеринен маалымкат керектелет. Каттоодон өткөндөн кийин электрондук почтаны улам текшерип туруу сунушталат.