Тоолуу аймактарда кар күчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаан-чачынга байланыштуу, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красна Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар массалары күрткүлөр пайда болуп, жол тоңушу мүмкүн.
Андыктан, аталган каттамдар менен сапарга чыга турган айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.