Ош шаарында арматура чыгарган завод ишин токтотту

Ош шаарында арматура чыгарган завод ишин токтотту. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов калк менен жолугуп мекеменин ишин атайын комиссия иликтеп, текшерип чыгарына убада берди. Буга чейин жергиликтүү тургундар өндүрүштөн чыккан түтүндөн жабыркап жатканын айтып, нааразычылыгын билдиришкен

Быйыл Кыргызстандын мамлекеттик карызын жабууга рекорддук көрсөткүчтө каражат жумшалат

Быйыл Кыргызстандын мамлекеттик карызын жабууга рекорддук көрсөткүчтө каражат жумшалат. Мамлекеттин бекитилген бюджети боюнча маалыматта, береселерге 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалууда. Сумманын 21 миллиард 600 миллион сому тышкы карызга, калган сумма ички бересеге жумшалат. Эске салсак, учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 900 миң… Кененирээк…

Россия бийлиги мамдумага чет өлкөлүктөрдү милдеттүү түрдө дактилоскопиялык каттоодон, сүрөттөө жана медициналык кароодон өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун киргизди

Россия бийлиги мамдумага чет өлкөлүктөрдү милдеттүү түрдө дактилоскопиялык каттоодон, сүрөттөө жана медициналык кароодон өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун киргизди. Бул өлкөгө визасыз киргендерге жана Россия аймагында узак мөөнөткө жүргөндөргө тиешелүү. Алсак, алар Евразия экономикалык бирикмеге мүчө өлкөлөрдүн жарандары. 2020-жылдын 1-мартына карата маалыматта Россияда алардын саны 2,5… Кененирээк…

Үчүнчү жума катары менен дүйнөдө Covid-19 жаңыдан чалдыккандардын саны азаюуда

Үчүнчү жума катары менен дүйнөдө Covid-19 жаңыдан чалдыккандардын саны азаюуда. Бул үмүттөндүргөн жаңылык, — деп билдирет Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору Тедрос Гебрейесус. Бул вирустун түрдүү штаммдары чыкса дагы ооруну көзөмөлдөсө болорун билдирет. Ал кошумчалагандай, мындан ары да коопсуздук чараларын сактоо маанилүү болушу зарыл.

Лейлек районунун Голбо айылындагы мектептин курулушу 50 пайызга даяр

Лейлек районунун Голбо айылындагы мектептин курулушу 50 пайызга даяр. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, объекти 275 окуучуга ылайык. Билим берүү мекемесинде техникалык, медициналык жана чеберчилик кабинеттери, китепкана, окуу класстары, мугалимдер бөлмөсү, компьютердик класстар, машыгуу залы, ашкана жана чоң зал болот. Долбоорду ишке ашырууга 931 миң доллар… Кененирээк…

Сузак районунда эки жаңы балдар бакчасы пайда болду

Сузак районунда эки жаңы балдар бакчасы пайда болду. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Орто-Азия жана Кара-Дарыя айылдарына жалпы 100 орундуу бакча курулду. Ага жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 20 миллион сом сарпталды. Учурда мекемелер ички эмеректер менен камсыздалып жатат. Белгилеп кетсек, быйыл райондо дагы 3… Кененирээк…

Баткен облусунун 10 айылы таза суу менен камсыздалды

Баткен облусунун 10 айылы таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей, айрым айылдарга суу чыгаруучу жабдуулар сатып алынды. Долбоорду ишке ашырууга 20 миллион сомдон ашык жумшалды. Иштерге каражат чет элдик донор, жергиликтүү бюджет жана жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан алынды. Кошумчаласак, буга… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина февралдын аягында келет

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина февралдын аягында келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, бул максатта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстан «Спутник» вакцинасын аларын билдирген.