Жогорку Кеңештин профилдик комитети Улукбек Мариповдун талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын жактырды

Жогорку Кеңештин профилдик комитети Улукбек Мариповдун талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын жактырды. Депутаттар бир добуштан өзгөртүүлөргө колдоо көрсөтүштү.  Марипов башында турган өкмөттүн 16 мүчөсү болот.

 

Жаңы курамда мурдагы алты кызмат жоюлат.  Тагыраагы, үч вице-премьер жоюлуп, айрым министрлик, агенттик, комитеттер бириктирилет.

 

Өкмөттүн курамы эртең  парламенттин жалпы жыйынында каралары күтүлүүдө.