Ордо калаанын коомдук транспорту кайрадан санитардык нормалардын сакталышына текшерилип жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, автобус, троллейбус жана маршруттук таксилердин ички абалы, аларда санитайзерлердин бар-жоктугу жана беткап режиминин сакталышы текшерилүүдө.
Тартип бузгандарга эскертүү берилет. Эгер бузуулар кайра кайталанса, административдик протоколдор түзүлөт.