Бишкектин Чокан Валиханов көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борбору жана Унаа тейлөө борбору убактылуу иштебейт

Бишкектин Чокан Валиханов көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борбору жана Унаа тейлөө борбору убактылуу иштебейт.

 

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, бүгүн борборлор жайгашкан ири соода аймагында өрт чыкты.

 

Андан улам, электр энергиясы өчүрүлдү. Борборлордун мүлкү, архивдер жана документтер жабыркаган жок. Алар качан ишин жандантат азырынча белгисиз Кызматтарды алуу үчүн жарандарга башка калкты тейлөө борборлору сунушталат.