Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат
Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Салиева, Буденный, Бектенов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Ак-Босого конушунда жок болот. Ошондой эле өчүрүүлөр Васльев, Щербаков, Элебесов көчөлөрүндө, 12-кичи райондо да катталат. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.