Россиялык адис  адамдын дайым чарчап жүрүүсүнөн арылуу жолдорун айтып берди

Россиялык адис  адамдын дайым чарчап жүрүүсүнөн арылуу жолдорун айтып берди. Невролог Инесса Колчунун айтымында, абалды жөнгө салуу үчүн жумуштан кийин эс алууга көбүрөөк убакыт калтыруу керек.

 

Жумуш учурунда 1-1,5 саат сайын бир аздан тыныгуу жасап турган жакшы. Жаратылышка чыгып, эмгек өргүү учурунда саякаттоо дагы күчтү кайра калыбына келтирүүгө жакшы жардам берет.

 

Андан тышкары, адам өзүнө жаккан спорттун түрү менен машыгып турса, ага күч-кубат болот.