Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси Жаңы-Вознесеновка айылында курулууда.

 

Мектеп 375 окуучуга чакталат. Анда окуу класстары, ашкана, спорт зал жана китепкана болот. Долбоорду ишке ашырууга 1 миллион долларды Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген.