Талас облусунун Көк-Ой айылында үй-бүлөлүк медицина борбору пайда болот

Талас облусунун Көк-Ой айылында үй-бүлөлүк медицина борбору пайда болот. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеме 160 орунга ылайык. Объектиде жылытуу системасы толук оңдолду, электромонтаждоо жана суу түтүктөрүн орнотуу аяктады. Учурда ички жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Иштерге 47 миллион сом сарпталды

Жалал-Абад облусунда үч адам ууланып каза тапты

Жалал-Абад облусунда үч адам ууланып каза тапты. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Аксы аймактык ооруканасына 4 адам кайрылган, анын бирөө гана аман калды. Ал учурда дарыланууда, анын абалы орто оор деп бааланат. Алдын ала маалымат боюнча, ооруканага кайрылгандар спирт ичимдигинен ууланган.

Чүй облусунун Москва районунда жаңы бала бакча ачылды

Чүй облусунун Москва районунда жаңы бала бакча ачылды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Төлөк айылында пайда болду. Имарат 2 кабаттуу болуп, 80 орунга чакталды. Объекти мындан 45 жыл мурда тургузулган. Оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 5 миллион сом багытталды. Каражат чет элдик грант, Чүй өнүгүү… Кененирээк…

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү «Ала-Тоо» кафесинен өрт чыкты

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү «Ала-Тоо» кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат 06:15те тилсиз жоо толук өчүрүлгөн. Жалындын аянты болжол менен 1 миң 541 чарчы метрди түзгөн. Өрттүн себеби жана… Кененирээк…

Футбол боюнча Испаниянын кубогунун жарым финалынын жооптук беттешинде «Барселона» «Севилья» командасын утуп алды

Футбол боюнча Испаниянын кубогунун жарым финалынын жооптук беттешинде «Барселона» «Севилья» командасын утуп алды. Беттеш 3:0 эсебинде аяктады.  Муну менен «Барселона» финалга чыкты. Оюнда Усман Дембеле, Жерар Пике жана Мартин Брейтуэйт бирден гол киргизди. Эми Испания кубогу финалында «Барселона» «Леванте» жана «Атлетик» командаларынын жеңүүчүсү менен оюн… Кененирээк…

Facebook Тажикстанда салык төлөөчү катары каттоого алынды

Facebook Тажикстанда салык төлөөчү катары каттоого алынды. Бирок Facebook же анын расмий өкүлдөрү бул тууралуу расмий маалымат берген жок. Тажикстан Facebook, Google жана башка ири компанияларга салык төлөтүү боюнча, Россия, Испания, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянууда. Белгилеп кетсек, аталган өлкөдө блогерлер дагы эми салык… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 57 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 57 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, сакайгандар Бишкекте – 27, Ошто – 4, Чүй облусунда – 15, Нарын, Баткен жана Жалал-Абад облустарында – экиден, Ысык-Көл облусунда – 5. Ушуну менен өлкө боюнча 83 миң 375 адам вирусту жеңип чыкты.

Кыргызстан экономикалык эркиндик боюнча дүйнөлүк индексте 6 позицияга жогорулап 81-орунга жайгашты

Кыргызстан экономикалык эркиндик боюнча дүйнөлүк индексте 6 позицияга жогорулап 81-орунга жайгашты. Тизмеде жалпысынан 179 өлкө бар. ЕАЭБ өлкөлөрү арасынан начар көрсөткүч Россияда 91-орунда, мыктысы Армения 34-орунда. Казакстан рейтингдин 39-сабында болсо, Белорусь 88инчиде. Рейтингди түзүүдө өлкөдө салык төлөөнүн ачыктыгы, жеке ишкерликтин, сооданын эркиндиги, инвестициялоо жана коррупциядан… Кененирээк…

Ош шаарында Салиева көчөсү дээрлик 300 мыйзамсыз курулуштардан тазаланды

Ош шаарында Салиева көчөсү дээрлик 300 мыйзамсыз курулуштардан тазаланды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы кошумча имараттар, өз алдынча тургузулган короолор, жеңил курулуштар, гараждар алынды. Андан тышкары, азык-түлүк дүкөндөрү да жок кылынууда. Аны менен катар  тургундарга да түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Оштогу… Кененирээк…

Кыргызстанда биометрикалык маалыматты чогултуу боюнча массалык өнөктүк жүрүп жатат

Кыргызстанда биометрикалык маалыматты чогултуу боюнча массалык өнөктүк жүрүп жатат. 20-мартка чейин республика боюнча 130 шаар жана аймакты 11 көчмө автобус кыдырат. Иштер шайлоо жана референдумда добуштарды эсептөөдө тактык үчүн шайлоочулардын тизмесин аныктоо максатында жүрүп жатат. Мобилдик унаалар БШК тарабынан уюштурулду. Эске салсак, өлкөдө жергиликтүү кеңештерди… Кененирээк…