Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды

Бишкекте Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын эки ыкчам кызматкери кармалды. Каржы полициясынын маалыматына ылайык, колго түшкөндөр калаа тургунунан кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң сом талап кылышкан. Милиционерлер жабыркаган адамдан акчанын бир бөлүгүн, тагыраагы, 75 миң сомун алышкан. Калган 25 миң сомду алып жаткан жеринен… Кененирээк…

Дүйнөдө эң узун бут кийим пайда болду

Дүйнөдө эң узун бут кийим пайда болду. Аны спорттук бренд менен биргеликте эстондук реп аткаруучусу Томми Кэш тартуулады. Анын айтымында, тажатма, жөнөкөй бут кийимдерди тандоодон алыс болууну самап, оригиналдууну ойлоп табууну максат кылган. Анын так узундугу айтылган жок, бирок болжолдуу түрдө кадимки бут кийимден 5… Кененирээк…

Ордо калаада электр тармактарын оңдоо уланууда

Ордо калаада электр тармактарын оңдоо уланууда. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Курманалиев, Салиева, Шайыр, Матросов, Медеров, Юнусалиев, Айни, Орозбеков, Чуйков, Боконбаев, Панфилов, Раззаков көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Арча-Бешик жана Ак-Босого конуштарында жарык жок болот.

Бишкекте арзандатылган азык-түлүктөрдү сатуу түйүндөрүн уюштуруу уланууда

Бишкекте арзандатылган азык-түлүктөрдү сатуу түйүндөрүн уюштуруу уланууда. Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, кезектеги ирет 6-7-мартта, ишемби жана жекшембиде жарманке өтөт. Даректери боюнча, Аалы Токомбаев — Жетишкаев, Искак Раззаков – Киев, Токтогул, Төрөкул Айтматов – Токтогул көчөлөр кесилишинде жайгашат. Анда азык-түлүктөрдү дүң баада сатып алса болот.

Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды

Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда аймакта күйүүчү майдын жалпы запасы 800 миң литрди түзөт. Акыркы эки күн ичинде Исфанадагы тартыштык орун алган май куюучу жайларга, күйүүчү май жеткирилди. Учурда аталган… Кененирээк…

Бишкектеги Чынгыз Айтматов атындагы эмен эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкектеги Чынгыз Айтматов атындагы эмен эс алуу багы оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бишкек башкы архитектура ишканасы эс алуу аймагын калыбына келтирүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгат. Долбоорго ылайык, буйрутма берүүчү компанияны аныктоо үчүн муниципалитетке билдирүү жиберилди. Эске салсак, буга чейин ордо калаа тургуну… Кененирээк…

Марттан тартып ордо калаадагы көчө шыпыргычтардын маянасы 40 пайызга жогорулайт

Марттан тартып ордо калаадагы көчө шыпыргычтардын маянасы 40 пайызга жогорулайт. Белгилеп келсек, бүгүнкү күндө алардын айлыгы 8 миң сомдон 25 миң сомго чейин. Ошондой эле ишинин жыйынтыгына жараша өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ай сайын айлыгынан тышкары, түрткү берүүчү 30 пайыздык сый акы ыйгарылат, — дешти “Тазалык” ишканасынын… Кененирээк…

Казакстан “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү бекетин ачууга даярданууда

Казакстан “Ак-Жол” көзөмөл өткөрүү бекетин ачууга даярданууда. Мындай билдирүү эки өлкө башчылары ортосунда жарыяланды. Маалыматка ылайык, түйүндүн жабдуулары жаңыланып, 8 тилкелүү унаа жол курулду. Иштер дагы эле уланууда. Анда паспорттук көзөмөл дагы күчөтүлөт. Макулдашууга ылайык, коңшу өлкө түйүндү жакынкы аралыкта ачууга даяр, өз кезегинде биздин… Кененирээк…