Чүй облусунун Москва районунда жаңы бала бакча ачылды.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси
Төлөк айылында пайда болду. Имарат 2 кабаттуу болуп, 80 орунга чакталды.
Объекти мындан 45 жыл мурда тургузулган. Оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан
5 миллион сом багытталды. Каражат чет элдик грант, Чүй өнүгүү фондунан жана
айыл аймагынын бюджетинен бөлүнүп берилди.