Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт
Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, кечки саат 4кө чейин суу Достоевский, Горький, Ауэзов жана темир жолду бириктирген бөлүктө, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштарында жок болот. Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы ремонттук иштерге байланыштуу.