Баткен милициясы бош орундарга сынак жарыялады

Баткен облустук милициясы ички иштер органдарынын кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга сынак жарыяланганын билдирди. Сынакка катышам дегендер «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарга жооп бериши керек. Ошондой эле 19 жашка толгон жана 30 жашка чейин мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн… Кененирээк…

Көк-бөрү боюнча мелдешти «Ынтымак» командасы утуп алды

Көк-бөрү боюнча мелдешти «Ынтымак» командасы (Талас облусу) «Достук» командасын (Ош облусу) 6:5 буллит эсеби менен (негизги эсеп 4:4) артка калтырып, жеңүүчү аталды.   Жеңүүчүлөрдүн жана байге орун ээлеринин тизмеси:   Жогорку лига: 1-орун — «Ынтымак» командасы, Талас облусу, байге — 500 000 сомов; 2-орун — «Достук» командасы, Ош облусу, байге — 200 000 сомов; 3-орун… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол курамасы Непалда мелдешке катышууда

Непалда Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасынын оюнчулары (U-23) мелдеш алдында алгачкы машыгууларын өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук биримдиги маалымдады.   Өлкөнүн жаштар курамасынын оюнчулары (U-23) Непалда башталуучу «Үч улуттун кубогу» мелдешине катышуу үчүн 21-мартта учуп кетишкен. Бул курама топто 23 жашка чыга элек футболчулар ойнойт.

Бишкекте веложарыш өтөт

Бишкекте 4-апрелде быйылкы велосезондун расмий ачылышына арналган веложүрүш болот. Бул тууралуу уюштуруучулар Facebook баракчасына жазды. Катышуучулар саат 10:00дө Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында чогулушат.   Веложүрүш саат 11:30да башталып, Чүй — Манас — Бөкөнбаев — Байтик баатыр — Түштүк дарбаза багыты… Кененирээк…

Салык кызматы декларация тапшырууну эскертти

Салык органдары бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, декларация 1-апрелге чейин (дем алыш күндөрү дагы) эртең мененки саат 09.00дөн түн ортосуна чейин кабыл алынат.   «Декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны… Кененирээк…

Нарын жана Чүй облустарында жер титирөө катталды

Өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жер титирөө кечээ, 22-март күнү саат 16:45те сезилген.   Жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор, Семиз-Бел, Кара-Тоо, Арсы айылдарында 3 баллга чейин сезилген.   Ал эми кечки саат 18:17де республикасынын… Кененирээк…

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500… Кененирээк…

Алтын-Ордо конушунда жаңы мектеп пайда болот

Алтын-Ордо конушунда жаңы мектеп пайда болот. Курулуш иштерине тендер жарыяланды. Ордо калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жалпы билим берүү мекемеси 480 орунга эсептелет.   Долбоордун жалпы сметалык баасы 122 миллион сомду түзөт. Каражат шаар бюджетинен бөлүнөт.

Twitter тиркемесинин негиздөөчүсүнүн биринчи жазуусу 3 миллион долларга сатылды

Twitter тиркемесинин негиздөөчүсүнүн биринчи жазуусу 3 миллион долларга сатылды. 2006-жылдын 21-мартында Джек Дорси баракчасында “Жөн гана “ТВТРди” тууралап жатам” деген жазууну калтырган.   Аны Bridge Oracle компаниясынын жетекчиси Хакан Эстави сатып алды. Ал эми Твиттердин негиздөөчүсү аукциондон түшкөн 3 миллион долларды Африканын өлкөлөрүнө кайрымдуулукка багыттай турганын… Кененирээк…

Facebook балдар үчүн Instagram ачуу ниетинде

Facebook балдар үчүн Instagram ачуу ниетинде. Сүрөт жана видеолор менен алмашуу тиркемеси 13 жашка чейинки колдонуучуларга гана жеткиликтүү болот. Ал ата-энелердин көзөмөлүнөн өтүп турат.   Буга чейин жарандар социалдык тармак балдар үчүн кооптуу экенине арызданып келишкен.