БШК жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого жана референдумга бюллетендерди аймактарга жана чет мамлекеттердеги тилкелерге жеткирди

БШК жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого жана референдумга бюллетендерди аймактарга жана чет мамлекеттердеги тилкелерге жеткирди. Комиссиянын маалыматына ылайык, жалпысынан 7 миллион документ басып чыгарылды.   Бюллетендер жогорку деңгээлдеги коргоо элементине ээ болуп, аларга атайын калем менен гана добуш берсе болот. Бул добуштарды автоматтык түрдө эсептөө урнасы… Кененирээк…

Бишкекте өз аймагынан чыгып кеткен объектилер алынды

Бишкекте өз аймагынан чыгып кеткен объектилер алынды. Мэриядан билдиришкендей, Түгөлбай Ата көчөсүн оңдоо иштерине байланыштуу, тилкедеги жумушарга тоскоолдук жараткан кафе-барлардын бир бөлүгү жана унаа оңдоочу түйүн түрттүрүлдү. Андан тышкары, Буденный, Каралаев, Лев Толстой, Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү, Арча-Бешик конушундагы объектилер, ошондой эле Дайыр Асанов атындагы эс… Кененирээк…

Каракол шаарындагы окуучулар дүйшөмбүдөн тартып кадимки форматта билим ала баштайт

Каракол шаарындагы окуучулар дүйшөмбүдөн тартып кадимки форматта билим ала баштайт. Бул мектептерде температура +7…10 градуска араң жеткенине байланыштуу. Норма боюнча +18 болушу шарт. Класстардын жылуулугу талапка жооп бербегени калаада 26-мартта жылуулук өчүрүлгөнүнө байланыштуу. Андыктан, 4-чейрек башталгандан тартып, кечээ жана бүгүн Каракол шаарындагы окуучулар үйдөн окутулат.

Бишкекте 105 миң окуучу кадимки режимде окуп жатат

Бишкекте 105 миң окуучу кадимки режимде окуп жатат. Алар 1-апрелден тартып парталарга кайтып келген 7 класстын окуучулары, — деп билдирет мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева. Анын айтымында, калган 4 класстын окуучулары онлайн форматта билим алышууда. Иманалиева белгилегендей, мектептерде бирдиктүү форма талап кылынбайт. Окуучулар… Кененирээк…

“Ак-Жол” – “Кордай” көзөмөл-өткөрүү бекети оңдоо иштеринен кийин ачылды

“Ак-Жол” – “Кордай” көзөмөл-өткөрүү бекети оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бекеттен өтүү мүмкүнчүлүгү мурдагыдан 3 эсе көбөйдү, — деп билдиришти чек ара кызматынан. Тагыраагы, андан суткасына 35 миң адам жана 5 миң унаа өтө алат. Андан тышкары 8 тилкелүү унаа жолу салынып, 52 паспорттук текшерүү кабиналары… Кененирээк…

Кыргызстанда кумшекердин баасы 3 айда 19 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда кумшекердин баасы 3 айда 19 пайызга кымбаттады. Мартка карата азыктын орточо баасы 64 сомду түзүп, декабрдан бери 10 сомго жогорулады, дешти Улуттук статистика комитетинен. Өлкөдө эң кымбат кумшекер Исфанада килограммы 69 сом болсо, эң арзаны  Таласта 60 сомдон сатылууда. Эске салсак, өкмөт азык-түлүктүн баасын… Кененирээк…

Улуттук банк апрелдин эсебинен алгачкы интервенция өткөрдү

Улуттук банк апрелдин эсебинен алгачкы интервенция өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси кечээ, 1-апрелде 50 миллион 200 миң доллар сатты. Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери бешинчи ирет валюттук рынокко чыкты. Бүгүнкү күндө долларды сатып алуу 84 сом 70 тыйын, сатуу мурдагы эле баада, тагыраагы… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 82 адам ковидден айыкты

Кыргызстанда акыркы суткада дагы 82 адам ковидден айыкты. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке жана Чүй облусуна туура келет. Ушуну менен өлкөдө пандемия башталгандан тартып жалпысынан 84 миң 979 адам ковидден сакайып чыкты.  

“Ак-Ордо” конушунда жаңы бала бакча курулат

“Ак-Ордо” конушунда жаңы бала бакча курулат. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөр кесилишинде пайда болот. Объекти эки кабаттуу болуп, 280 балага чакталат. Долбоордун сметалык документтери толук аяктады. Курулуш иштерин жүргүзүүгө муниципалитет тендер жарыялады. Долбоорду ишке ашырууга 123 миллион сом… Кененирээк…

Нарын облусунун Кочкор районунун мал базарында өзгөчө тукумдагы бука рекорддук суммага сатылды

Нарын облусунун Кочкор районунун мал базарында өзгөчө тукумдагы бука рекорддук суммага сатылды. Эт өндүрүүчүлөр жаныбарды 230 миң сомго сатып алышты. Бул күнү базарга келген мал багуучулар жана соода жүргүзгөндөр бука канча килограмм таза эт берерин катуу талкуулашты. Анда 450дөн 500 килограммга чейин эт алса боло… Кененирээк…