Бишкек – Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алына элек

Бишкек – Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алына элек. Жеңил унаалар аралыкты сактоо менен өткөрүлүп жатат, — дешти novosti.kgге Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан. Сосновка жана Арал өткөрүү түйүндөрүнө киргизилген чектөөлөр аба-ырайына жараша жакынкы аралыкта алынып калышы мүмкүн. Эске… Кененирээк…

Баткендеги Кайтпас — Өтүкчү өткөрүү түйүнү кайрадан ишин жандантты

Баткен облусунун Сох — Риштан унаа жолундагы Өзбекстандын Сох анклавын бириктирчү Кайтпас — Өтүкчү өткөрүү түйүнү кайрадан ишин жандантты. Чек арадан эки өлкө жарандары жана жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар өткөрүлөт. Бирок оор жүк ташуучу унааларга азырынча уруксаат бериле элек. Эске салсак, Сох – Риштан унаа жолу… Кененирээк…

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу олуттуу чектөөлөр киргизилбейт

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу олуттуу чектөөлөр киргизилбейт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирет. Ал белгилегендей, былтыркыдай карантин жарыялоону экономика көтөрө албайт. Андыктан, локдаун киргизүү азырынча пландалган жок. Бирок, бир катар өлкөдө коронавируска кабылгандар көбөйүп, кырдаал курчуп жатканына байланыштуу Кыргызстанда дагы коопсуздук чаралары так сакталышы зарыл.… Кененирээк…

Францияга кайрадан толук карантин киргизилет

Францияга кайрадан толук карантин киргизилет. Президент Эммануэль Макрон жарыялагандай, локдаун бир айга созулат. Мектеп окуучуларына сабактар аралыктан өтөт. 26-апрелден кийин гана бөбөктөр бала бакчага, кенже класстын окуучулары мектепке келет. Колледж жана лицей студенттери 3-майда гана аудиторияларга кайтат. Эске салсак, учурда Франциянын 16 департаментине  карантин киргизилген.… Кененирээк…

Өлкө бийлиги электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырат

Өлкө бийлиги электр энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырат. Бул Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү аз болгонуна байланыштуу. Премьер-министр Улукбек Марипов тиешелүү мамлекеттик органдарга алдын-алуу чараларын көрүү тапшырмасын берди. Өкмөт башчы белгилегендей, электр энергиясына дебитордук карыздарды төмөндөтүү зарыл, андан тышкары, сууну үнөмдөө максатында пайдалануу лимитин сактоо жана… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. Бардык өткөрүү түйүндөрү штаттык режимде иштеп жатат, — деп билдиришти чек ара кызматынан. Андан белгилешкендей, бүгүн чек арадан унаалардын өтүшү жайлаганы байкалды. Эки өлкөнүн тиешелүү кызматкерлери кырдаалдын келип чыгышын иликтеп жатат. Ведомстводон белгилешкендей, кыргыз тараптан оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бүгүн кечки саат 6га чейин Токтогул, Абдумомунов, Пушкин, Жалил, Ялтинск, Пархоменко, Кантемиров көчөлөрүндө, Жаш Гвардия жана Эркиндик бульварларында, ошондой эле «Арча-Бешик», «Ала-Арча», «Дордой-2», «Эне-Сай», «Келечек» конуштарынын бир бөлүгүндө жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу

Быйыл Бишкектин көчөлөрүнө 15 миңден ашык көчө чырагын орнотуу пландалууда

Быйыл Бишкектин көчөлөрүнө 15 миңден ашык көчө чырагын орнотуу пландалууда. “Бишкек жарыктандыруу” ишканасынан билдиришкендей, жеке базанын алкагында устакана ачылган. Бул жерден кызматкерлер конструкцияны түзүп, металл түзүмдөрүн даярдашат. Ишканада жалпысынан 250 адам эмгектенет. Эске салсак, “Бишкек жарыктандыруу” ишканасы 2020-жылы ордо калаадагы көчөлөргө 13 миң чырак орнотту.

Кытай Кыргызстанга кезектеги ирет гуманитардык жардам берди

Кытай Кыргызстанга кезектеги ирет гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жүк бир жолу колдонулуучу медициналык коргоочу кийим, хирургиялык кол кап, бет кап, көз айнек, бахила, халат, өпкөнү жасалма желдетүүчү аппараттар жана ПЦР-тесттерден турат. Гуманитардык жардамдын жалпы суммасы… Кененирээк…