Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу олуттуу чектөөлөр киргизилбейт

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу олуттуу чектөөлөр киргизилбейт.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирет. Ал белгилегендей,

былтыркыдай карантин жарыялоону экономика көтөрө албайт. Андыктан, локдаун киргизүү

азырынча пландалган жок. Бирок, бир катар өлкөдө коронавируска кабылгандар көбөйүп,

кырдаал курчуп жатканына байланыштуу Кыргызстанда дагы коопсуздук чаралары так сакталышы зарыл.

Учурда өлкөдө күнүнө вирустун 100-150 жаңы учуру чыгууда, абал көзөмөлдө. Бирок,

кырдаалдын начарлашына даяр туруу зарыл, — деп белгиледи Новиков. Эске салсак,

кечээтен тартып соода борборлорундагы балдар ойноочу аянттар 14-апрелге чейин жабылды.