Францияга кайрадан толук карантин киргизилет

Францияга кайрадан толук карантин киргизилет.

Президент Эммануэль Макрон жарыялагандай, локдаун бир айга созулат.

Мектеп окуучуларына сабактар аралыктан өтөт. 26-апрелден кийин гана бөбөктөр бала бакчага,

кенже класстын окуучулары мектепке келет. Колледж жана лицей студенттери 3-майда гана

аудиторияларга кайтат. Эске салсак, учурда Франциянын 16 департаментине  карантин киргизилген.

Өтө зарыл болбогон товарлар сатылган дүкөндөр жабылып, аймактар аралык каттоого тыюу салынды.

Октябрдан бери кафе, ресторан, бар, музей, театр, кинотеатрлар иштебей турат. Өлкөдө 4,5 миллион

адам коронавируска кабылды. Эмдөө иштери декабрдын аягында башталган.