Окумуштуулар узак жашоо сырлары менен бөлүштү

Окумуштуулар узак жашоо сырлары менен бөлүштү. Эксперттердин айтымында, саламат болуу үчүн 5 маал тамактануу керек.   Жашылча-жемиштерге бай рацион жүрөк кан-тамыр ооруларынын, залалдуу шишик дартынын жана башка илдеттердин пайда болуусун алдын алат.   Ал үчүн жашылча-жемиш колдонууну адатка айлантуу керек.   Ден соолуктун чың болушуна… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте жылуулук сезону жыйынтыкталат

Бүгүн Бишкекте жылуулук сезону жыйынтыкталат. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду. Мындай чечим апрелде аба-ырайы жылуу боло турганына байланыштуу кабыл алынды.   Эрежеге ылайык,  5  күн катары менен аба табы +8 градустан түшпөсө, жылуулук берүү токтотулат.

Кыргызстанда майдан тарта ID-карта акысыз берилип баштайт

Кыргызстанда майдан тарта ID-карта акысыз берилип баштайт.   Өкмөттөн билдиришкендей, бул президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылат.   1-майдан 31-августка чейин толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернатта жашаган 16 жаштагы балдарга… Кененирээк…