Кыргызстанда майдан тарта ID-карта акысыз берилип баштайт.
Өкмөттөн билдиришкендей, бул президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылат.
1-майдан 31-августка чейин толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернатта жашаган 16 жаштагы балдарга 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта акысыз берилет.