Бүгүн Бишкекте жылуулук сезону жыйынтыкталат. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду. Мындай чечим апрелде аба-ырайы жылуу боло турганына байланыштуу кабыл алынды.
Эрежеге ылайык, 5 күн катары менен аба табы +8 градустан түшпөсө, жылуулук берүү токтотулат.