Быйыл коронавируска каршы күрөшкө эки миллиард сом каралды

Экономика жана финансы министрлиги 2021-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга 2 миллиард 400 миллион сом бөлөт. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, бул каражат негизинен эпидемиологиялык абал курчуп кеткен учурдагы күтүлбөгөн чыгымдарга багытталган.   Мындан сырткары кыргыз өкмөтүнүн буйругуна ылайык, оору очогунда иштеген медициналык кызматкерлерге кенемте төлөп… Кененирээк…

Бишкек эпидемиологиялык абал боюнча “кызыл аймакка” кирди

Бишкек эпидемиологиялык абал боюнча “кызыл аймакка” кирди. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов билдиргендей, “сары аймак” Чүй облусунда жарыяланды. Ал эми калган аймак “жашыл зонага” кирет.   Чиновник белгилегендей, вирустун кайрадан күч алышына бет кап режими менен коопсуз аралыктын сакталбашы, ошондой эле массалык көңүл… Кененирээк…

Парламентте кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралат

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 6-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралат.   Парламенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, долбоорду талкуулоого Экономика жана финансы министринин орун басары, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 600дөн ашык жаранга эмдөө жасалды

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 600дөн ашык жаранга эмдөө жасалды. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектургановдун айтымында, вакцина алгандардын көбү Ошко туура келет – 258, андан кийин Бишкек турат – 214, Чүй облусу – 109. Эң аз азырынча Ысык-Көлдө, эмдөөнү 43 адам алды.   Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 117 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 117 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 60, Чүйдө 41, Ысык-Көлдө 8, Нарында 3, Баткенде 2, Ошто 3 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 85 миң 388 адам коронавирусту жеңди.

Улуу муундагы жарандарга зарылчылык жок болсо, сыртка чыгуудан баш тартуу сунушталды

Улуу муундагы жарандарга зарылчылык жок болсо, сыртка чыгуудан баш тартуу сунушталды.   Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева жарыялады. Анын айтымында, ордо калаада күн сайын коронавируска кабылгандардын саны көбөйүүдө, өзгөчө 55 жаштан улуу адамдар үчүн коомдук жайларга чыгуу кооптуу болуп эсептелет.   Санитардык нормаларды, коопсуз… Кененирээк…

Мектептерди толук кандуу ачуу боюнча чечимди эпидемиологиялык абалга жараша жергиликтүү бийлик кабыл алат

Мектептерди толук кандуу ачуу боюнча чечимди эпидемиологиялык абалга жараша жергиликтүү бийлик кабыл алат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Абал туруктуу болгон аймактардагы мектептер кадимки режимде иштей берсе болот. Болгону санитардык нормалар так сакталышы зарыл. Кошумчалап кетсек, бүгүнкү күндө республика аймагында 2 миңден ашык… Кененирээк…

Португалияда карантинден кийин мектептер жана музейлер ачылды

Португалияда карантинден кийин мектептер жана музейлер ачылды. Маалыматка ылайык, коронавирус жайылганына байланыштуу январда карантин киргизилген. Эми чектөөлөр акырындык менен алына баштады.   Бирок коомдук жайларда бет кап кийүү жана аралыктан иштөө талаптары сакталууда. Белгилеп кетсек, Португалияда пандемия башталгандан бери коронавируска 823 миңден ашык адам кабылды.

Бишкекте окуучулардын республикалык олимпиадасы 16-17-апрелде өтөт

  Бишкекте окуучулардын республикалык олимпиадасы 16-17-апрелде өтөт. Билим берүү министрлигинин адиси Айнура Кусаинова билдиргендей,  17 предмет боюнча олимпиаданы кыргыз-түрк “Ала-Тоо” университетинин базасында өткөрүү пландалууда, ага 350 окуучу катышат.   Бардык санитардык нормалар сакталат. Кире бериште атайын фильтр орнотулуп, окуучулардын дене табы текшерилет.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Бишкекте коронавируска байланыштуу чаралар күчөтүлүп баштады

Бишкекте коронавируска байланыштуу чаралар күчөтүлүп баштады.   Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун айтымында, COVID-19 боюнча кырдаалды турукташтыруу максатында мобилдик бригадалардын саны сегизден 13кө көбөйтүлүп, чалуу борбору тынымсыз иштөөгө өттү. Коомдук жайларда, транспортто санитардык эрежелер сакталбай, жарандар бет кап кийбей калышты.   Бул арада инфекциялык ооруканаларга киши… Кененирээк…