Олимпиада оюндарына даярдык көрүүгө 105 миллион сом бөлүнгөн

Олимпиада оюндарына даярдык көрүүгө 105 миллион сом бөлүнгөн. Каражат кандай бөлүштүрүлгөнү жана кайда багыттала турганын Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм жетекчиси Марат Аскарбеков айтып берет.

 

Токио олимпиадасына биз 105 миллион сом караганбыз. 5 миллион сому спорттук жана параддык экипировка деп коебуз, спортчулардын кийимине каралган. Ал эми 100 миллион сому спортчулардын Кыргызстан ичиндеги окуу-машыгуу жыйындарына, эл аралык машыгуу жыйындарына, эл аралык мелдештерге, Азия, Дүйнө чемпионаттарына каралган каражат

 

Олимпиада оюндарына даярданууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.