Кыргызстандын аэропортторунда эртеңден тарта чектөөлөр киргизилет

Кыргызстандын аэропортторунда эртеңден тарта чектөөлөр киргизилет. “Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, түн жарымдан таңкы саат 7ге чейин имараттарга чоочун адамдарга кирүүгө тыюу салынат, комплекстерге колунда авиа билеттери барлар гана киргизилет.   Андан тышкары, жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерүү көзөмөлү күчөтүлдү.   Узатып же… Кененирээк…

Кыргызстанда карантин азырынча киргизилбейт

Кыргызстанда карантин азырынча киргизилбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады. Анын айтымында, өткөн жылы локдаундан кийин өлкө “чоң насыяларды алган”.   Аларды төлөш керек болгондуктан, бийлипк азырынча чоң карантиндик чектөөлөрдү киргизбей турууну чечти. Министр белгилегендей, бирок санитардык нормаларды сактоо зарыл. Жарандар беткаптарды кийип,… Кененирээк…

Япониянын Тояма префектурасында мышык полиция бөлүмүн бир күн жетектеди

Япониянын Тояма префектурасында мышык полиция бөлүмүн бир күн жетектеди. РИА Новости билдиргендей, Коко аттуу мышыкка мындай мүмкүнчүлүк адам өмүрүн сактап калганы үчүн берилди. Сууга кулап кеткен эркек адамды мышык көз албай тиктеп турган. Муну байкаган анын ээси келип куткаруучуларды чакырды. Коконун мындай ишине полициянын грамотасы… Кененирээк…

Кийинки жумада борбордук аймактарга минус белгисиндеги аба-ырайы кайтып келет

Кийинки жумада борбордук аймактарга минус белгисиндеги аба-ырайы кайтып келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкекте, Чүй жана Талас облустарында 23-апрелге караган түнү -3 градустан -5ке чейин жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Бишкекте 20-апрель, шейшембиде +20 градуска чейин жылыса, эртеси шаршембиде максималдуу түрдө +1 градус болот. Таңда катуу жааган… Кененирээк…

Ош – Сарыташ – Иркештам унаа жолунун 8-чакырымына кар көчкү түштү

Ош – Сарыташ – Иркештам унаа жолунун 8-чакырымына кар көчкү түштү. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кар массасынын көлөмү 3,5 миң кубометрге жетет. Бардык унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Жолчулар трассаны кардан арылтуу иштерин жүргүзүп жатат. Жумуштар аяктагандан кийин жол кыймылга ачылат.

Кондитердик азыктарды өндүрүүчүлөр товарга болгон баанын кымбаттай турганын эскертишти

Кондитердик азыктарды өндүрүүчүлөр товарга болгон баанын кымбаттай турганын эскертишти. РБК басылмасы бир катар россиялык ишканаларга таянып билдиргендей, кымбаттоолор сырьего болгон баалардын жогорулашына байланыштуу. Алсак, вафли өндүрүүчүлөр ундун, майдын, жумурканын жана кумшекердин наркы жогорулаганына даттанышкан.

Өсүмдүк майына болгон баалар жыл башынан бери дээрлик 15 пайызга кымбаттады

Өсүмдүк майына болгон баалар жыл башынан бери дээрлик 15 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинен билдиришти. Алсак, 13-апрелге карата өлкөдө азыкка болгон орточо баа 171 сомду түзөт. Барынан кымбат май Токмокто, Кара-Сууда – литри 179. Бишкекте – 173 сом. Ал эми арзан майды Кара-Балтадан… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 130 адам ковидден айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 130 адам ковидден айыгып чыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке жана Чүй облусуна туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча ковидге кабылып айыккандардын саны 86 миң 621 адамды түздү

Ош шаарында 16-17-апрель күндөрү жалпы ишембилик өтөт

Ош шаарында 16-17-апрель күндөрү жалпы ишембилик өтөт. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бүгүн, эртең менчигинин түрүнө карабай баардык дүкөн, кафе, ресторан, май куюучу жайлар, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, көп кабаттуу үйлөр, жеке турак-жайлар короолорун тазалап, ирээтке келтириши керек. Бүгүндөн баштап штабдын мүчөлөрү шаар аймагын кыдырып, короо… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Спортчу 76 килограмм салмакта алгач казакстандык балбанды 6:1 эсебинде утту, андан кийин монголиялык спортчуну 6:0 жана кореялык балбан кызды 10:0 эсебинде жеңди. Медет кызы финалдык кармашууда килем үстүнө чыгып, казакстандык спортчуга жеңилип калды. Аталган чемпионатка… Кененирээк…