Конституция боюнча референдумда кабыл алынган чечим БШКнын расмий жарыясынан кийин күчүнө кирет

Конституция боюнча референдумда кабыл алынган чечим БШКнын расмий жарыясынан кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

 

Анын айтымында, Боршайком добуш берүү күнү катталган бардык арыз жана даттанууларды карап чыгышы керек. Андан кийин Референдумдун жыйынтыгы чыгарылып, чечим кабыл алынат. Алдын-ала маалыматка ылайык, жаңы Конституция майдын башында күчүнө кирет.