Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда убактылуу чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 19-апрелден 23-апрелге чейин трассанын 129-131-чакырымдарында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт.

 

Буга байланыштуу, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жол жабык болот. Айдоочуларга каттамын эртелеп пландаштыруу сунушталат.