Ак-Суу районунун Маман айылында жаңы фельдшердик-акушердик түйүн ишке кирди

Ак-Суу районунун Маман айылында жаңы фельдшердик-акушердик түйүн ишке кирди. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, иштердин баасы 3 миллион сомго бааланды.

 

Бул суммага курулуш, түйүндүн айланасын тосуу, көрктөндүрүү иштери жана медициналык жабдууларды сатып алуу кирди.