Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай өзгөргөн жок

Жогорку окуу жайларга өтүү үчүн босого упай өзгөргөн жок. Бул тууралуу Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын адиси Бакыт Рысбеков билдирди.

 

Анын айтымында, бүтүрүүчүлөрдүн басымдуусу эки жылдан бери онлайн форматта билим алып жаткандыктан, быйыл өзгөртүүлөрдү киргизбей туруу чечими кабыл алынды.

 

Эске салсак, босого упай – бул абитуриенттерди жогорку окуу жайга контракт менен  кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген минималдык көрсөткүч. Негизги жалпы республикалык тестирлөөдө ал 110 баллды, предметтикте 60 баллды түзөт.