Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күнгө ысык суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күнгө ысык суу өчүрүлөт. 21-апрелден 24-апрелге чейин жеке сектордо ысык суу берүү токтотулат, — деп билдириши “Бишкек жылуулук тармактарынан”. Чектөөлөр пландык капиталдык оңдоо иштерине даярдык көрүүгө байланыштуу.   Белгилеп кетсек, өчүрүүлөр жеке секторго гана тиешелүү, көп кабаттуу үйлөрдө ысык суу берүү… Кененирээк…

Кыргызстан уюлдук интернети эң арзан мамлекеттердин үчилтигине кирди

Кыргызстан уюлдук интернети эң арзан мамлекеттердин үчилтигине кирди. Адистер 230 өлкөдөгү уюлдук операторлордун маалыматын анализдеп көрдү. Ага ылайык, Израиль эң арзан интернети менен мамлекет деп аталды.   Бул жерде 1 гигабайт жарандарга 5 центтен айланат. Андан кийин 15 жана 19 цент менен Кыргызстан жана Фиджи… Кененирээк…

Бишкек шайлоо комиссиясы 7 тилкеде референдум боюнча жыйынтыктарды кайра санап чыгат

Бишкек шайлоо комиссиясы 7 тилкеде референдум боюнча жыйынтыктарды кайра санап чыгат. Чечим коомдук фонддордун жана партиялардын арыздарын кароого алган отурумда кабыл алынды.   Ошондой эле, бир участоктогу жыйынтыкты толугу менен жокко чыгарып, комиссия мүчөлөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынган.   Эске салсак, Конституциянын… Кененирээк…

Айрым категориядагы медицина кызматкерлеринин айлыгы июлдан тарта  40-50 пайызга жогорулайт

Айрым категориядагы медицина кызматкерлеринин айлыгы июлдан тарта  40-50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков билдирди.   Анын айтымында, стационардык кызматтардагы, орто категориядагы жана техникалык кичи персоналдагы медицина кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт.   Чиновник белгилегендей, 1-сентябрдан тарта социалдык тармактагы техникалык кызматкерлердин дагы айлыгы… Кененирээк…

Эми Бишкектин өзүнүн Эйфель мунарасы, Биг Бен сааты бар

Эми Бишкектин өзүнүн Эйфель мунарасы, Биг Бен сааты бар. Мэриядан билдиришкендей, “Чыгыш-5” кичи районундагы кичи Арбатты көрктөндүрүлүп жатат. Жөө жүрүүчүлөр аймагында дүйнөгө белгилүү объектилердин көчүрмөсү болгон инсталляциялар орнотулду.   Жакында бул жерде ошондой эле, смайликтер, фонтан менен айланып турган глобус пайда болот.

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери «Коопсуздук — 2021» аскердик машыгууларына катышкан. Саат тапшыруу аземи «Кант» авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин… Кененирээк…

Ошто балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди

Ошто балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде аяктады.   Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.