Бишкек шайлоо комиссиясы 7 тилкеде референдум боюнча жыйынтыктарды кайра санап чыгат

Бишкек шайлоо комиссиясы 7 тилкеде референдум боюнча жыйынтыктарды кайра санап чыгат. Чечим коомдук фонддордун жана партиялардын арыздарын кароого алган отурумда кабыл алынды.

 

Ошондой эле, бир участоктогу жыйынтыкты толугу менен жокко чыгарып, комиссия мүчөлөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынган.

 

Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга 1 миллиондон ашык кыргызстандык катышты. 79 пайызы Негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү колдоду.