Айрым категориядагы медицина кызматкерлеринин айлыгы июлдан тарта 40-50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков билдирди.
Анын айтымында, стационардык кызматтардагы, орто категориядагы жана техникалык кичи персоналдагы медицина кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт.
Чиновник белгилегендей, 1-сентябрдан тарта социалдык тармактагы техникалык кызматкерлердин дагы айлыгы кайра каралат деп пландалууда.