Эми Бишкектин өзүнүн Эйфель мунарасы, Биг Бен сааты бар

Эми Бишкектин өзүнүн Эйфель мунарасы, Биг Бен сааты бар. Мэриядан билдиришкендей, “Чыгыш-5” кичи районундагы кичи Арбатты көрктөндүрүлүп жатат. Жөө жүрүүчүлөр аймагында дүйнөгө белгилүү объектилердин көчүрмөсү болгон инсталляциялар орнотулду.

 

Жакында бул жерде ошондой эле, смайликтер, фонтан менен айланып турган глобус пайда болот.