Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда таштарды атып түшүрүү иштери уланууда
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда таштарды атып түшүрүү иштери уланууда. “Кыргызтемир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жумуштар 3-майдан 7-майга чейин трассанын 131-чакырымында жүргүзүлөт. Таштар эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин түшүрүлөт. Бул убакыт аралыгында трассанын бир бөлүгү кыймылга жабылат.