Улуттук банк кезектеги ирет интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги ирет интервенция өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, бул ирет 62 миллион 250 миң доллар сатылды. Муну менен жыл башынан бери Улуттук банк алтынчы ирет каржы рыногуна чыкты. Жалпысынан дээрлик 270,5 миллион доллар сомдун кунун кармоого багытталды

Коронавируска каршы эмдөөгө байланыштуу сурап-билүү телефону ишке кирди

Коронавируска каршы эмдөөгө байланыштуу сурап-билүү телефону ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Ага ылайык, Чалуу борбору күн сайын эртең мененки саат сегизден кечки алтыга чейин иштейт. Ага жарандар 0312 32-31-27, 0312 54-65-21, 0500 30 32 23, 0500 30 33 43 номерлери аркылуу чала… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын эпицентринде чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын эпицентринде чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, кырдаал туруктуу, бирок чыңалуу бар. Айрым аймактарда түндө жеке ок атуулар катталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин саат 8ге карата маалыматы боюнча, чек арадагы чыр-чатактан 134 адам жабыр тартып,… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот

Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 6га чейин Дэн Сяопин, Арзамасс, Месарош, Сельсовет, Репина, Кайназаров, Кубаныч, Волков, Профсоюз, Лумумба жана Темиров көчөлөрүндө, Достук кичирайонунда, Касым конушунда электрэжнергиясы чектелет. Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу

Башкы прокуратура Тажикстан менен чектешкен аймактагы чыр-чатакты иликтеп баштады

Башкы прокуратура Тажикстан менен чектешкен аймактагы чыр-чатакты иликтеп баштады. Сотко чейинки өндүрүш иши “Тынчтыкка каршы чыккан кылмыштуулук” статьясы боюнча жүрүп жатат. Иликтөө ишин алып баруу ведомстволор аралык тергөө тобуна тапшырылды. Анын курамына УКМКнын, ички иштер министрлигинин жана аскер прокуратурасынын кызматкерлери кирди. Башкы прокуратуранын версиясы боюнча,… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан 134 адам жарат алып, 13ү каза тапты

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан 134 адам жарат алып, 13ү каза тапты. Бул бүгүн саат 8ге карата саламаттыкты сактоо министрлигин маалыматы. Ведомстводон билдиришкендей, 25 жабыр тарткан адам атайын борт менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия боборуна, улуттук госпиталга жана улуттук хирургиялык борборго жайгаштырылды. Эки… Кененирээк…

Бишкекте жума намазын мечиттерде окууга убактылуу тыюу салынды

Бишкекте жума намазын мечиттерде окууга убактылуу тыюу салынды. Ошондой эле бүгүнтөн тартып мечиттерде дааваттар жана ооз ачуулар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Чектөөлөр эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө болот. Эске салсак, буга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө да тыюу салынган.

Кыргызстандын башкы прокуратурасы чек арадагы тажик аскерлеринин кыймылын алдын-ала түзүлгөн провакация деп атады

Кыргызстандын башкы прокуратурасы чек арадагы тажик аскерлеринин кыймылын алдын-ала түзүлгөн провакация деп атады. Бишкек Тажикстанды кыргыз аймагын басып алууга күнөөлөйт. Саламаттыкты сактоо министрлигин маалыматына ылайык, эки күндүк чыр-чатактын жыйынтыгында жабыр тарткандардын саны 134кө жетти, 13 адам каза тапты, анын катарында 12 жаштагы кыз бар. Эске… Кененирээк…

Тажикстан менен чектешкен аймактагы чыр-чатактан жабыр тарткан кыргызстандыктардын саны 134кө жетти

Тажикстан менен чектешкен аймактагы чыр-чатактан жабыр тарткан кыргызстандыктардын саны 134кө жетти. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министрлигинен беришти. Буга чейин Бишкек 124 адам жабыр тартканын жана 13 адам, анын катарында 12-жаштагы кыз каза тапканын билдирген. Эки өлкөнүн чек арасында, “Головной” суу дарбазасынын аймагындагы кырдаал 28-апрелде катталды.… Кененирээк…