Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге кетти.
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ташиев 28-апрелде ден соолугуна байланыштуу Германияга учуп кеткен.
Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга
Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары
бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен. Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек
айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары,
чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.
Чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам каза болуп, 134 киши жабыркады.