Кыргызстан жана Тажикстан чек арасын тактоо жакынкы арада башталат

Кыргызстан жана Тажикстан чек арасын тактоо жакынкы арада башталат. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын отурумунда айтылды. Топографиялык топтор тактала элек тилкелерди аныктоо иштерине киришти.   Белгилүү болгондой, эки тарап маселелерди тынч жол менен чечип, келечекте жаңжалдарды чыгарбоо үчүн аракет көрүү… Кененирээк…

Лионель Мессинин 644-голун киргизген бут кийими 143 миң еврого сатылды

Лионель Мессинин 644-голун киргизген бут кийими 143 миң еврого сатылды. Бул абсолюттук рекорд болуп эсептелет. Анткени, буга чейин бир дагы футболдук  бут кийим мындай ири суммага сатылган эмес.   Түшкөн каражат Каталониядагы университеттин ооруканасына которулат. Месси бутсаны Испания чемпионатынын алкагында кийип, гол киргизип, өзүнүн кол… Кененирээк…

Ошто сентябрда жаштардын инновациялык   IT-технологиялык борбору ачылат

Ошто сентябрда жаштардын инновациялык   IT-технологиялык борбору ачылат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, IT-технологияларын жергиликтүү жаштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үйрөнө алат.   Борбор алдында ошондой эле жогорку технологиялар паркын ачуу пландалууда. Ал маалыматтык системалар тармагында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталат.

Баткенде жаңжалдан талкаланып, өрттөлгөн үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет

Баткенде жаңжалдан талкаланып, өрттөлгөн үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Ал эми оңдоого мүмкүн болбой калган үйлөр бекер курулуп берилет.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан Баткен менен Лейлек райондорунда 78 турак-жай, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча,… Кененирээк…

Чек арадагы куралдуу кагылыштан үй-жайын таштап, айылынан чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун айрымдары үйлөрүнө кайта баштады

Чек арадагы куралдуу кагылыштан үй-жайын таштап, айылынан чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун айрымдары үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Талантбек Назаралы уулу билдирди.   Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Эске салсак, Баткен жана Лейлек райондорунда кооптуу абал түзүлгөн айылдардан 33… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда бүгүнтөн тарта убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда таштарды атып түшүрүү иштери уланууда. “Кыргызтемир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жумуштар бүгүнтөн тарта 7-майга чейин трассанын 131-чакырымында жүргүзүлөт.   Таштар эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин түшүрүлөт. Бул убакыт аралыгында трассанын бир бөлүгү кыймылга жабылат.

Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, кечки саат 6га чейин жарык Байтик Баатыр, Эркиндик, Турусбеков, Үмөталиев, Гагарин, Бакаев көчөлөрүндө, Тынчтык, Көлмө, Киргизия конуштарында жана Кашка-Суу, Лебединовка, Пригородное, Военно-Антоновка, Садовое айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жалал-Абад облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү

Жалал-Абад облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, катуу жаандан кийин Жаңы-Арык айылындагы 32 үйдүн короосун суу каптады.   Жабыркагандар жок. Жеринде тазалоо иштери жүрүүдө. Андан тышкары, туруксуз аба-ырайынан улам Бишкек-Ош трассасынын 208-чакырымында ылай аралаш таштар түштү. Жол тазаланып, куткаруучулар аталган… Кененирээк…

Баткен облусунун Лейлек районуна гуманитардык жүк жеткирилип баштады

Баткен облусунун Лейлек районуна гуманитардык жүк жеткирилип баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонкулова билдирди.   Анын айтымында, өкмөт алдында “Баткенге жардам” аталышындагы штаб түзүлдү. Облуска 100 тоннага жакын ар кандай товар жеткирилди. Ошондой эле, колдоону башка аймактар дагы… Кененирээк…

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегациялары бирдиктүү протоколго кол коюшту

Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегациялары бирдиктүү протоколго кол коюшту. Отурум 2-майга караган түнкү саат 3кө чейин уланганы маалымдалат.   Ал эми протоколдун деталдары белгисиз. Эске салсак, буга чейин өкмөттөн кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери жакынкы арада башталат деп билдиришкен, топографиялык топторго мындай тапшырма берилди.  … Кененирээк…