Кыргызстандык Нураида Анакулова лицензиялык дүйнө мелдешине катышат

Кыргызстандык Нураида Анакулова лицензиялык дүйнө мелдешине катышат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү 5-10-май аралыгында

Болгариянын София шаарында өтө турган лицензиялык дүйнө мелдешине

Кыргызстан атынан барат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик

агенттигинен билдиришти.  Спортчуну башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат.

Алар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.