1-июндан тартып “Санарип документ” мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландалууда.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдиргендей,
тиркеме 3 документти камтыйт: ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана транспорт
каражатын каттоо күбөлүгү. Аталган документтерди үйдө унутуп же жоготуп
алган учурда жарандар мобилдик тиркеме аркылуу аларды колдонууга мүмкүн болот.