Кыргызстанда 2021-жылдын башында эң аз маяна 22 долларды түздү

Кыргызстанда 2021-жылдын башында эң аз маяна 22 долларды түздү.

Бул ЕАЭБ өлкөлөрү ичинен эң төмөнкү көрсөткүч. Евразия экономикалык

комиссиясынан билдиришкендей, биримдиктеги өлкөлөрдө эң аз эмгек акы 139 доллар.

Кыргызстандан кийин эле аз маяна алгандар казакстандыктар. Коңшу өлкө жарандары

101 доллар табышат. Ал эми Арменияда  — 130 доллар болсо, Беларусь менен Россияда,

быйыл январь-февралда минималдуу маяна 154 жана 172 долларга барабар болду.

Муну менен Россияга салыштырмалуу биздин өлкөдө төмөнкү эмгек акы 8 эсеге төмөн.