Баткендин жаңжал чыккан аймагында 7-майга чейин билим берүүнү кадимки режимде калыбына келтирүү пландалууда

Баткендин жаңжал чыккан аймагында 7-майга чейин билим берүүнү кадимки режимде калыбына келтирүү пландалууда.

Бул туруктуу жашаган жеринен кеткен жарандардын кайра кайтып келгенинен көз каранды болот. Билим берүү

министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, облус боюнча 39 мектеп жана 35 бала бакча

убактылуу жабык. Андан тышкары 10 мектеп жана 3 бала бакча имараттарына эвакуацияланган жарандар

жайгаштырылгандыктан, билим берүү онлайн форматына өткөн. Жусупбекова белгилегендей,

балдар убактылуу кайсы жерде жайгашса ошол жердеги мектептен окуу жылын аякташат.