Чүй облусунун Жайыл районундагы мектептер 4-майдан тартып онлайн билим берүүгө өтөт.
Бул тууралуу райондук штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык
кырдаалга байланыштуу 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар 20-майга чейин аралыктан
окутууга өткөрүү чечими кабыл алынды. Белгилеп кетсек, буга чейин Талас,
Жалал-Абад облусундагы жана Каракол шаарындагы мектептер да онлайн окутууга өткөрүлгөн.