Ноокат районунун Көк-Бел айылында алгачкы ирет бала бакча пайда болду

Ноокат районунун Көк-Бел айылында алгачкы ирет бала бакча пайда болду. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемесинде бардык шарттар каралып, 60 орунга чакталды. Курулуш иштерине 6 миллион сом жумшалды. Каражат республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди.

Быйыл 1 миң баланын ден-соолугун чыңдоого 5 миллион сом жумшалат

Быйыл 1 миң баланын ден-соолугун чыңдоого 5 миллион сом жумшалат. Кеп, кыйын жашоодогу балдар тууралуу болуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жыл сайын республика боюнча балдардын ден соолугун чыңдоочу 53 борбор иштейт. Аларда эс алуулар эпидемиологиялык шарттарды так сактоо менен уюштурулушу… Кененирээк…