Ноокат районунун Көк-Бел айылында алгачкы ирет бала бакча пайда болду.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо
мекемесинде бардык шарттар каралып, 60 орунга чакталды.
Курулуш иштерине 6 миллион сом жумшалды.
Каражат республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди.