«Супер Ай» толугу менен 26-майда тутулат

«Супер Ай» толугу менен 26-майда тутулат. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады. Бул Айдын тутулушунун өзгөчөлүгү — Ай тутулганда спутник Жерге болушунча жакындап, Айдын шакекчеси чоң болуп көрүнөт. Планетарий 2021-жылдагы эң чоң Ай 26-майда байкаларын белгиледи. Жер менен Айдын (перигей) ортосундагы бөтөнчө көрүнүштөр Бишкек убактысы боюнча… Кененирээк…

Быйыл жазгы талаа иштери жылдагыдан жай жүрүп жатат

Быйыл жазгы талаа иштери жылдагыдан жай жүрүп жатат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, апрелдин аягына карата Кыргызстанда жалпысынан 375 миң гектарга жазгы өсүмдүктөрдүн уругу себилди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43,5 миң гектарга же 10,5 пайызга аз. Мындай кырдаал апрелде аба ырайы туруксуз болгонуна… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Сейсмология институтуна таянып билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 13-май күнү саат 14:37де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Эселек, Көк-Айгыр… Кененирээк…

Бишкекте 3 медициналык мекеме оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкекте 3 медициналык мекеме оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мэриядан билдиришкендей, кеп, 1-шаардык клиникалык оорукана жана №12, 15-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору тууралуу болуп жатат. Иштерге жалпысынан 7,5 миллион сом багыттоо пландалууда. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнүп берилет

Күйүүчү майдын кымбатташы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү арасында Кыргызстан алдыңкы орунда

Күйүүчү майдын кымбатташы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү арасында Кыргызстан алдыңкы орунда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти. Алсак, күйүүчү май Кыргызстанда быйыл мартта декабрга салыштырмалуу дароо 25 пайызга жогорулады. Ошондой эле дизелдик отунга баанын өсүшү боюнча Кыргызстан лидер болуп саналат. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө ордо калаада… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Кожомкулов, Западный, Таалай, Абдрахманов, Улан, Лумумба, Садыгалиев, Нижний, Профсоюз, Кустанай, Дордой, Чоктал, Ысык-Көл, Кызарт көчөлөрүндө, «Ак-Тилек» «Кара-Жыгач», «Ак-Босого», «Арча-Бешик», «Ынтымак»  конуштарында жана «Киргизия-1», «Чон-Арык» айылдарында электрэнергиясы жок болот.

Кыргызстан президенти бир айдын ичинде кайрадан 3 шаардык кеңешке шайлоону бекитиши керек

Кыргызстан президенти бир айдын ичинде кайрадан Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоону бекитиши керек. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти. Белгилеп кетсек, аталган шаарларда 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Партиялардын билдирүүлөрүн жөнөтүү жана үгүттөө өнөктүгүнүн мөөнөтү 3/1ге кыскартылат. Жарышка катышууну каалаган саясий… Кененирээк…

Баткен облусундагы Максат айылында жаңы үйлөрдүн курулушу башталып, капсула салынды

Баткен облусундагы Максат айылында жаңы үйлөрдүн курулушу башталып, капсула салынды. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иштерди курулуш компаниялардын бири жүргүзүп жатат. Аларга жумуштарды ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү тапшырмасы берилди. Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Максат айылындагы 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык бөлүмү,… Кененирээк…

Кара-Кулжа районундагы селдин кесепети дээрлик 9 миллион сом зыянга учуратты

Кара-Кулжа районундагы селдин кесепети дээрлик 9 миллион сом зыянга учуратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,  аймактагы Сары-Булак, Кара-Кочкор, Ак-Кыя айылдарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам коктулардан аккан сел 159 турак жайдын короосун каптап, 45 үйдүн жер төлөөсүнө суу толуп калган. Жабыр тарткан объектилерден тышкары, сууга аккан малдар… Кененирээк…

Кыргызстандын дзюдо боюнча кыздар курама командасы Азия кубогуна катышат

Кыргызстандын дзюдо боюнча кыздар курама командасы өспүрүмдөр арасындагы Азия кубогуна катышат. Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, турнирге 52, 57, 48 килограмм салмактагылар арасында 3 кыз жөнөтүлөт. Аларды машыктыруучу Елена Исакова жетектеп барат Мелдеш бүгүн башталып, 16-майга чейин Алматыда өтөт