Нарында борбордук “Ала-Тоо” стадиону оңдолуп жатат

Нарында борбордук “Ала-Тоо” стадиону оңдолуп жатат. Турмуш басылмасы билдиргендей, кайра калыбына келтирүү иштерине каражатты стадиондун кызматкерлери чогултту, андан тышкары, аларга демөөрчүлөр колдоо көрсөтүштү.   Объектте отургучтар жана тосмолор сырдалып жатат. Башка иштер дагы аткарылууда. Кошумчаласак, стадиондо спортчулардын машыгуулары жана ар кандай мелдештер өткөрүлөт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 20-июндан кийин белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 20-июндан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүүдөгү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Анын айтымында, ЖРТнын жыйынтыгы менен сертификаттар мектептердин жетекчилигине тапшырылат. Эске салсак, Кыргызстанда кечээ кошумча каттоо өттү, ал эми бүгүн тесттин өзү башталат.