Нарында борбордук “Ала-Тоо” стадиону оңдолуп жатат

Нарында борбордук “Ала-Тоо” стадиону оңдолуп жатат. Турмуш басылмасы билдиргендей, кайра калыбына келтирүү иштерине каражатты стадиондун кызматкерлери чогултту, андан тышкары, аларга демөөрчүлөр колдоо көрсөтүштү.

 

Объектте отургучтар жана тосмолор сырдалып жатат. Башка иштер дагы аткарылууда. Кошумчаласак, стадиондо спортчулардын машыгуулары жана ар кандай мелдештер өткөрүлөт.