Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалда жабыркагандарга 82 миллион сомдон ашык которулду
Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалда жабыркагандарга 82 миллион сомдон ашык которулду. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 2 миллион сом чогулса, өкмөттүн атайын эсебине 80 миллион 500 миң сом келип түштү.